«Интергласс Строй» ЖЧК менен жолугушуу

Инвестициялык кеңештин катчылыгынын ири өнөр жай сектору менен жолугушууларынын алкагында Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев менен «Интергласс Строй» ЖЧКсынын башкы директору Андреас Штайнерт менен жолугушуусу болуп өттү.

Глобалдашуу жана күчөгөн атаандаштык шартында Интергласс Строй үчүн стратегиялык чакырык болуп саналган рынокторду кеңейтүүгө көңүл бурулду. Жаңы рынокторго чыгуу пландары тууралу сунуштар айтылып, географиясын кеңейтүүнү гана эмес, ошондой эле продукцияны жаңы керектөөчүлөрдүн талаптарына жана күтүүлөрүнө ылайыкташтыруу тууралу сөз болду. Ошондой эле өндуруштук шарттарды жакшыртуу маселелери талкууланды.

Интергласс Строй тарабынан квалификациялуу кадрлардын, өзгөчө техникалык кадрлардын жетишсиздиги негизги маселелердин бири экенин белгиледи. Адистерди тартуунун, окутуунун жана кармап калуунун ар кандай жолдору, анын ичинде карьералык өсүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Бул багытта катчылык өлкөнүн жогорку окуу жайлары менен тыгыз кызматташуу маселесин карап жатат.

*Interglass LLC (Германия) 100 пайыздык Steinert Industries GmbHнын туунду компаниясы болуп саналат жана айнек өндүрүүгө адистешкен.