МЖӨ борборунун жамааты менен жолугушуу

15-февралда Инвестициялык кеңештин катчылыгынын кеңсесинде, Анарбекин Нурбек Искендерович жетектеген МЖӨ борборунун жамааты менен жолугушуу болуп, учурдагы маселелер талкууланды. Негизги көңүл Инвестициялык кеңештин акыркы отурумунда берилген тапшырмалардын учурдагы абалына бурулду.

Жыйындын башында Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев МЖӨ борборунун директору Анарбекин Нурбекти кызматка дайындалышы менен куттуктап, жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.

Жыйындын негизги темаларынын бири мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) жөнүндө мыйзам долбоорун финалдык версиясынын иштелип чыгылышы болду. Бул мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун мөөнөттөрү жана аны жакшыртуу боюнча иштердин негизги багыттары белгиленди.

Ошондой эле, МЖӨ механизминин маанилүүлүгүн маалымдоо менен байланышкан маселелер талкууланып, маалыматтык колдоо көрсөтүү жана МЖӨнүн артыкчылыктары жана өнүгүү келечеги жөнүндө коомчулукка маалымдоо максатында ар кандай иш-чаралар жана демилгелер сунушталды.

Бул жолугушуу өлкөдө МЖӨ механизмдерин өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө багытталган Инвестициялык кеңештин катчылыгы менен МЖӨ борборунун ортосундагы кызматташуудагы маанилүү кадам болду.