Дүйнөлүк банктын эксперттери менен жолугушуу

Инвестициялык кеңештин катчылыгынын кеңсесинде 12-16-февралга пландаштырылган техникалык миссиянын алкагында, 12-февраль кунү катчылыктын кызматкерлери менен Дүйнөлүк банктын эксперттеринин жолугушуусу болуп өттү. Техникалык миссиянын максаты - Кыргыз Республикасында бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды талдоо.

Команданын мүчөлөрү - Карен Григорян (жеке секторду өнүктүрүү боюнча башкы адис, жумушчу топтун жетекчиси), Гоар Гулумян (башкы экономист), Бакыт Дубашев (башкы экономист), Валентина Салтане (жеке секторду өнүктүрүү боюнча башкы адиси), Лев Фрейнкман (кеңешчи) , Нурланбек Тынаев (консультант).

13-февралда тегерек стол өтүп, анда бизнеске мыйзамдык жана институционалдык тоскоолдуктарды талдоонун жыйынтыгы чыгарылат.

Бул талдоо учурдагы тоскоолдуктарды гана аныктабастан, аларды чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул өз кезегинде инвестициялык климатты чыңдоого жана чакан, орто жана ири бизнести колдоого жардам берет.