II Улуттук салык форуму

30-январда Бишкекте “Салык системасын трансформациялоо жолу” темасында II Улуттук салык форуму өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, эл аралык уюмдардын жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, ишкерлер жана ошондой эле Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев катышышты.

« Ар бир өлкөдө, салык системасы эң маанилүү экономикалык регулятор, ошондой эле өлкө экономикасын жөнгө салуунун финансылык механизминин негизи болуп саналат. Барыбыз билгендей, мамлекеттин негизги каржы ресурсу болуп салыктар саналат, демек, натыйжалуу салык башкарууну жалпысынан мамлекеттик башкаруунун негизи деп кароого болот.

Бул контекстте, Салык кодекси салык саясатын ийгиликтүү ишке ашыруудагы социалдык жактан маанилүү инструменти, ошондой эле  мамлекеттин, бизнестин жана жарандардын ортосундагы укуктук өз ара аракеттенүүнүн гаранты катары саналат.         

Ошону менен бирге, барыбыз көрүп тургандай, дүйнө жүзү бир орунда турбастан жогорку ылдамдыкта өзгөрүүгө учурап, анын аркасынан биздин жашоо да өзгөрүп, жаңы тенденциялар пайда болууда. Бул жагынан алганда, Салык мыйзамдары ийкемдүүлүгү жана тез ыңгайлашуусу жагынан флагман болушу керек” - деп белгиледи Улук Кыдырбаев.

Форумда салыктык башкаруу, санариптик технологияларды ишке киргизүү маселелери, ошондой эле Салык кызматынын 2023-жылдагы ишинин жыйынтыгы тууралуу маалыматтар берилди.

Ошондой эле форумда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров II Улуттук салык форумунда сөз сүйлөп, негизги билдирүүлөрү төмөнкүдөй болду:

  • өнүккөн өлкөдө жана цивилизациялуу коомдо салыктар милдеттенме гана эмес, өлкөнүн жана коомдун өнүгүшүнө маанилүү салым болуп саналат,
  • 2023-жылы консолидацияланган бюджет 575 млрд сомго жеткенин жана бул салыкты көбөйтпөстөн же жаңы түрлөрүн киргизбестен жетишилди,
  • өлкөнүн ИДПсы 1 трлн 228,9 млрд сомду түзүп, тарыхый чектен ашты,
  • ишкерлердин дилгирлиги менен улуттук экономика туруктуу болот,
  • ар бир инвестиция келечекке салым кошот жана биз бизнести ак ниеттүүлүк менен курууга чакырабыз,
  • экономиканы ачык-айкын кылуу зарыл – бул биздин жалпы милдетибиз,
  • салыктык башкарууну модернизациялоо, автоматташтыруу жана жакшыртуу боюнча пландуу иштер жүргүзүлүүдө,
  • товарлардын өлкө ичинде да, анын чегинен тышкары да өтүшүн көрүү негизги милдеттердин бири,
  • «бир салык, бир фискалдык орган, бир эсеп» принциби боюнча салык механизмдерин жана жол-жоболорун оптималдаштыруу жана салык мыйзамдарын жөнөкөйлөтүү зарыл.