Өнүктүрүү фонддору жана мамлекеттик банктар менен жолугушуу

Ушул жылдын 26-январында Инвестициялык кеңештин катчылыгы жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте өнүктүрүү фонддорунун жана мамлекеттик банктардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын, Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду, өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду, Венгрия-кыргыз өнүктүрүү фонду, Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду, «Айыл Банк» ачык акционердик коому жана «РСК Банк» ачык акционердик коому менен жолугушуу болду.

Жолугушуу өткөн жылдын декабрь айында өткөн Инвестициялык кеңештин акыркы отурумунун жыйынтыгы боюнча берилген тапшырмаларды ишке ашыруунун алкагында уюштурулган. Негизги маселе өнүктүрүү фонддорунун жана мамлекеттик банктардын ишинин учурдагы абалын кароо, ошондой эле 2024-жылга карата пландарды жана перспективаларды талкуулоо болду.

Бул жыйында катышуучуларга Инвестициялык кеңештин алдыдагы отурумунда өлкөнүн каржы борборлоруна, атап айтканда, мамлекеттик өнүктүрүү банктарынын жана өнүктүрүү фонддорунун ишмердүүлүгүнө басым жасалаары баса белгиленди. Бул институттар өлкөнүн инвестициялык климатын калыптандырууда негизги ролду ойнойт, экономикалык туруктуулугуна жана өнүгүүсүнө түздөн-түз таасирин тийгизет. Катышуучулар алдыдагы жолугушууда аны натыйжалуу өткөрүү үчүн сунуштала турган маалымат боюнча конкреттүү көрсөтмөлөр менен камсыз болушту.