Инвестициялык кеңештин иши жаңы негизде жүргүзүлөт

Инвестициялык кеңештин акыркы отурумунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы / Инвестициялык кеңештин төрагасы Жапаров Акылбек Усенбекович 2024-жылы Инвестициялык кеңештин иши жаңы негизде жүргүзүлүшү керектигин белгиледи. Отурумдарда бир гана мыйзам актыларына тиешелүү көйгөйлүү маселелер эмес, ошондой эле ири инвестициялык долбоорлор каралышы керектигин белгиледи. 2024-жылдын 100 күнүндө өкмөт инвестиция тартууга байланыштуу иштерди жүргүзөт.
Инвестициялык кеңештин мүчөлөрүнө 2024-жылдын жаз-жай мезгилдерине пландаштырылган эл аралык инвестициялык иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө активдүү катышууга сунушталды.
Ошондой эле Акылбек Жапаров өлкөгө инвестиция тартууга тигил же бул жол менен тоскоол болгон мыйзамдарды өкмөт жокко чыгарып жатканын белгиледи. Буга байланыштуу Инвестициялык кеңештин төрагасы Кеңештин мүчөлөрүнө (бизнес-ассоциациялардын жетекчилерине) 2024-жылдын 1-февралына чейин инвестицияларды тартууга жана коргоого тоскоол болгон мыйзамдарды жокко чыгаруу боюнча Кеңештин катчылыгына сунуштарды киргизүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги тарабынан даярдалган «Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун концепциясы жактырылды