Жыл жыйынтыктоочу өнөктөштүк жыйын

25-декабрда мамлекеттик органдардын жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйынтыктоочу өнөктөштүк жыйыны болуп өттү.
Иш-чарада Талайбек Жумашевич Коqчуманов жетектеген Инвестициялык кеңештин мурунку катчылыгынын эмгеги белгиленип, ага Инвестициялык кеңештин төрагасынын орун басары, инвестициялык кеңештин катчысы жана ЕРӨБ Борбордук Азиядагы жетекчисинин колу коюлган атайын сертификат тапшырылды.
Ошондой эле ишкердик чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган мамлекеттик-жеке диалогго активдүү катышкандыгы үчүн Кеңештин активдүү мүчөлөрүнө ыраазычылык каттары тапшырылды.
«16 жылдан ашык убакыттан бери ийгиликтүү иштеп келе жаткан мамлекеттик-жеке диалогдун жогорку деңгээлдеги уникалдуу платформасы катары Инвестициялык кеңештин туруктуулугун жана натыйжалуулугун бардыгы белгилешет. Муну биздин жетишкендиктерибиз жана биргелешкен талкуулардын жүрүшүндө кабыл алынган маанилүү чечимдер тастыктап турат. Мамлекеттик органдар менен бизнес-коомчулуктун ортосундагы өз ара ишенимди жана түшүнүүнү бекемдөө маанилүү болду. Катчылык өз ара пайдалуу натыйжаларга жетишүү үчүн жагымдуу атмосфераны түздү», - деп белгиледи Катчылыктын жетекчиси Улук Кыдырбаев.