Инвестициялык Кеңештин кезектеги отуруму

2023-жылдын 19-декабрында - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы/Инвестициялык кеңештин төрагасы Жапаров Акылбек Усенбековичтин төрагалыгы алдында, бизнес-ассоциациялардын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн жана Инвестициялык кеңештин катчылыгынын катышуусу менен Инвестициялык кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңеш бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуудагы, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, инвесторлордун жана ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик-жеке диалогдун негизги аянтчасы болуп саналат.

Отурумдун күн тартибинде бир катар маанилүү маселелер каралды, алардын ичинде:

  1. «Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндөгү» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
  2. «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Мыйзамынын жаңы редакциясын сунуштоо жөнүндө
  3. Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жана мындан аркы пландары жөнүндө

Мындан тышкары, Инвестициялык кеңештин 2024-жылга карата жыйынтыктары жана мындан аркы иш пландары талкууланды.

Отурумдун соңунда тиешелүү протоколдук тапшырмалар берилди.