Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары менен жолугушуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын командасы менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Абдуллаева Жибек Садыкбаевнанын жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн тиешелүү маселелерди алдыга жылдыруу боюнча Инвестициялык кеңештин катчылыгы менен агенттиктин ортосундагы өз ара аракеттенүү жакшыртууну талкуулашты. Мындан тышкары, Инвестициялык кеңештин катчылыгы өзүнүн ишинин негизги багыттары менен тааныштырып, жакынкы келечектеги пландары менен бөлүштү.
 
Тараптар ишкерликти өнүктүрүүгө байланышкан долбоорлорду натыйжалуу жана жемиштүү ишке ашыруу үчүн бизнес-ассоциациялар менен диалогдук аянтчаны уюштурууга колдоо көрсөтүүгө жана жардам көрсөтүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.