Регионалдык инвестициялык кеңештин өнүгүүсү

19-февралда Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев менен КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ильяз Ташбаевдин жолугушуусу болуп өттү. Бул жолугушууда КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы Регионалдык инвестициялык кеңештин кызматташуусу жана ишмердүүлүгүн жандандыруу маселелери кылдат талкууланды. Аймакка инвестиция тартууга багытталган алдыдагы иш-чараларга, ошондой эле инвестициялык кеңештердин өз ара аракеттенүүсүнүн практикалык механизмдерине өзгөчө көңүл бурулду. Талкуунун маанилүү бөлүгү мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, жашыл экономика принциптерин иштеп чыгуу,  ишке ашыруу жана жеке секторду өнүктүрүү боюнча окуу иш-чараларын өткөрүү болду.

Тараптар талкууланган бардык маселелер боюнча тыгыз жана ыкчам кызматташууга жана кызматташуу механизмдерин практикалык ишке ашырууга өтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.