Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри менен жолугушуу

20-февралда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Асанкарыевич менен Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Асылбековнанын иш жолугушуусу болуп өттү. Талкуунун негизги темасы өлкөнүн уланып жаткан санариптик трансформациясындагы өз ара аракеттенүү болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2024-жылга Инвестициялык кеңештин иш планынын долбоорунда белгиленген иш-чараларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштердин багыттары талкууланды. Эки тарап тең бизнес-коомчулуктун санариптештирүү процессин илгерилетүүдөгү негизги ролу тууралуу өз ойлорун айтышып, анын Кыргыз Республикасында инвестицияларды тартуу жана бизнес-климатты жакшыртуу үчүн эффективдүү санариптик инструменттерди түзүүдөгү маанисин баса белгилешти.