Инвестициялык кеңештин катчылыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу менен түзүлгөн жумушчу топтун курамына кирди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров инвестицияларды, анын ичинде чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, туризмди, авиацияны, лицензиялык-уруксат берүү жоболорун өнүктүрүү жана мамлекеттик органдардын ашыкча контролдук функцияларын жоюу маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча эксперттик жумушчу топту түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду..

Бул эксперттик жумушчу топтун курамына Президенттин Аппаратынын, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, анын ичинде Инвестициялык кеңештин катчылыгынын укуктук маселелер боюнча башкы адиси Самаков Бакытбек Таалайбекович кирди.

Эксперттик жумушчу топко өзүнө жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын жана уюмдардын адистерин тартуу, ошондой эле мамлекеттик органдардан материалдарды суроо жана зарыл колдоо алуу ыйгарым укуктары берилди.

Аталган жумушчу топ 2024-жылдын 1-ноябрына чейин ишин жыйынтыктап, иштелип чыккан ченемдик укуктук актыларды андан ары бекитүү жана ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизүү тапшырылды.