«Hyundai Elevators Kyrgyzstan» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу

Инвестициялык кеңештин катчылыгынын ири өнөр жай сектору менен жолугушууларынын алкагында жакында Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев «Hyundai Elevators Kyrgyzstan» компаниясынын башкы директору Рахат Жунушбаева жана тышкы байланыштар жана инвестициялар боюнча директору Эльвира Батаева менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Hyundai Elevators» компаниясынын өкүлдөрү учурдагы долбоорлор, анын ичинде өлкөдөгү лифттердин абалын жакшыртуу тууралуу маалымат бөлүштү. Ошондой эле Рахат айым Кореянын Эл аралык соода ассоциациясы (KITA) кыргызстандык жана кореялык ишкерлери менен активдүү өз ара аракеттенүүгө кызыкдар экенин билдиришкени тууралу маалымат менен бөлүштү.

Учурдагы долбоорлорду жана кызматташуунун келечегин талкуулоодон тышкары, жакынкы арада саркынды сууларды тазалоочу станциянын ачылышы тууралуу айтылды. Технология алдыңкы корея технологиясын колдонуу менен иштелип чыккан жана бардык сапат стандарттарына жооп берет.

*Hyundai Elevator Kyrgyzstan — Түштүк Кореянын Hyundai Elevator Co., Ltd. компаниясынын дистрибьютору, жүк көтөрүүчү жабдууларды, эскалаторлорду жана траволатор чыгарууда дүйнөлүк лидер.