4-октябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Катчылыгынын кеңсесинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 21-апрелиндеги № 21 “Креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана Кыргызстандын прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык даярдалган жана кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө Мыйзамды мындан ары ишке ашырууга байланыштуу маселелерди комплекстүү чечүүнүн жолун талкуулоо жана иштеп чыгуу боюнча жолугушуу болуп өттү.
Жыйынга Креативдик индустрия ассоциациясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Катчылыктын кызматкерлери катышышты. Жолугушуунун катышуучулары ортодогу маселелерди талкуулашып, мындан аркы кадамдарды белгилешти.
Кеңештин Катчылыгы өзүнүн диалог платформасын тиешелүү тараптарга уюштурууга ар дайым ачык жана Креативдүү индустриялар паркы маселесин алдыга жылдыруу үчүн өз күч-аракетин жумшай берүүнү уланта берет.