Инвестициялык кеңештин катчылыгынын кызматкерлери МЖӨ боюнча семинарга катышышты

Инвестициялык кеңештин катчылыгынын кызматкерлери Кыргыз Республикасындагы МЖӨ борборунун колдоосу менен АКШнын Соода министрлигинин Коммерциялык укукту өнүктүрүү программасы (CLDP) тарабынан уюштурулган МЖӨ боюнча тажрыйба алмашуу боюнча үч күндүк 25–27-сентябрь күндөрү өткөн аймактык семинарга ийгиликтүү катышышты.

Тренерлер МЖӨ чөйрөсүндөгү жогорку квалификациялуу эл аралык эксперттер болушту, тактап кетсек -  Дүйнөлүк МЖӨ Ассоциациясынын (WAPPP) президенти Зиад-Александр Хайек, Стамбул МЖӨ борборунун директору д-р Эюп Вурал Айдын, ошондой эле PPP Expertise Eurasia эксперти Сергей Самолис.

Семинарга Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын МЖӨ өкүлдөрү катышышты. Катышуучулар жана эксперттер үч күндүн ичинде МЖӨ философиясын, МЖӨ бөлүмдөрүнүн ролун жана башкаруусун, чакан МЖӨ потенциалын илгерилетүү, МЖӨ каржылоосу жана каржылык документациясы, рынокту изилдөө маселелери, инфраструктуралык долбоорлор, МЖӨ методологиясын баалоо жана башка маанилүү темаларды талкуулашты.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн МЖӨ органдарынын ортосунда тажрыйба алмашуу боюнча семинар МЖӨ 2-эл аралык конференциясына арналган иш-чаралардын бир бөлүгү болду.