2-Эл аралык малекеттик-жеке өнөктөштүк конференциясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев, “МЖӨдө фискалдык тобокелдиктерди баалоо жана башкаруу” аттуу панелдик сессиясынын алкагында, “Мамлекеттик-жеке диалогдун максаттары жана Инвестициялык кеңештин ишинин Кыргыз Республикасында МЖӨнү өнүктүрүүгө кошкон салымы” темасында презентация тартуулады.
Инвестициялык кеңештин негизги приоритеттеринин бири мамлекеттик-жеке диалогдун эффективдүү платформасын түзүү болуп саналат. Кеңештин негизги максаты бизнес-чөйрөнү жакшыртуу, инвестициялык климатты илгерилетүү, МЖӨ өнүктүрүү, ошондой эле инвесторлордун жана ишкерлердин укуктарын коргоо жаатында оптималдуу жана тең салмактуу чечимдерди табуу болуп саналат. Инвестициялык кеңештин бул күч-аракеттери биздин өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүшүн тездетүүгө багытталган.
Белгилей кетүүчү нерсе, Инвестициялык кеңеш өзүнүн ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуп келет. Кеңештин платформасында түптөлгөн көптөгөн демилгелер жана долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып, жигердүү өнүгүп жатат. Кыргыз Республикасында МЖӨ өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү демилгеси дагы Инвестициялык кеңештин платформасында көтөрүлгөн.
Биз бардык өнөктөштөргө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү аркылуу мамлекеттин гүлдөп-өсүшүнө көмөк көрсөтүү боюнча биргелешкен аракеттерибизге көрсөткөн колдоосу жана катышкандыгы үчүн ыраазычылылыгыбызды билдиребиз.