ЭКИНЧИ ЭЛ АРАЛЫК МЖӨ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ 2023

Бишкекте 28–29-сентябр күндөрү  “Биригүү аракеттери: Жалпы максаттар, аймактык туруктуулук” урааны алдында 2-Эл аралык малекеттик-жеке өнөктөштүк конференциясы өтүүдө.

Быйылкы конференция, былтыр 2022-жылы Бишкекте өткөн 1-Эл аралык конференциянын уландысы болуп, Кыргыз Республикасында жана жалпы эле региондо МЖӨ программасынын жыйынтыктарын жана туруктуу өнүгүүсүн көрсөтүүгө, ошондой эле экономикалык өнүгүүнүн инклюзивдик программасынын негизинде жашыл жана туруктуу инфраструктураны өнүктүрүү үчүн жаңы МЖӨ максаттарын коюуга багытталган.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров ачылыш аземин жасап, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Өз сөзүндө, Төрага былтыр ийгиликтүү өткөн конференция  жана быйылкы жылы өтүп жаткан конференциялар, мыкты адистерди, авторитеттүү МЖӨ оюнчуларын чогултуу менен “региондогу жана дүйнө жүзүндөгү актуалдуу МЖӨ тренддерин талкуулоого мүмкүнчүлүк берген платформа” болгонун белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинете караштуу Инвестициялык кеңеш өтүп жаткан конференциянын өнөктөшү болот жана Кеңештин төрага ролу Министрлер Кабинетинин төрагасына таандык.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинете караштуу Инвестициялык кеңеш бул бизнести, инвестициялык климатты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу,  ишкердик субъекттеринин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча кызыкдар тараптардын ишин кординациялоо максатында мамлекет менен бизнес-коомчулук ортосунда натыйжалуу диалогду камсыз кылуучу туруктуу платформа.