Регионалдык инвестициялык кеңештердин Катчылыктары үчүн үч күндүк стратегиялык семинар старт алды

Регионалдык инвестициялык кеңештердин (РИК) Катчылыктарынын, ошондой эле Мамлекеттик-Жеке Өнөктөштүк (МЖӨ) борборунун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Катчылыгынын өкүлдөрүнүн кесиптик компетенцияларын күчөтүүгө багытталган үч күндүк стратегиялык семинар өз ишин баштады.

Аймактарды өнүктүрүү жана ишкердикти колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багытына айланып жаткан шартта, РИК Катчылыктарынын ролу дагы да маанилүү болууда. Алардын милдети — ишкерлердин кайрылууларын гана эмес, сапаттуу инвестициялык климатты түзүүгө активдүү катышуу, мамлекеттик органдар менен ишкер чөйрөнүн ортосунда натыйжалуу диалог түзүү, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду, анын ичинде Мамлекеттик-Жеке Өнөктөштүк боюнча демилгелерди ишке ашырууга эксперттик сунуштарды даярдоо болуп саналат.

Бул семинардын уюштурулушу — РИК Катчылыктарынын аймактардагы ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу багытында маанилүү кадам. Финансылык талдоо жана стратегиялык пландоо көндүмдөрүн өнүктүрүү аларга долбоорлордун туруктуулугун так баалоого, реалдуу финансылык тобокелчиликтерди түшүнүүгө, мамлекеттик органдар менен бизнес үчүн негиздүү сунуштарды даярдоого мүмкүндүк берет.

Семинардын биринчи күнү катышуучулар финансылык отчеттуулукту терең түшүнүү боюнча практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталды. Баланс, кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчет, акча каражаттарынын кыймылы боюнча отчетторду талдоо боюнча практикалык иштерге көңүл бурулду. Финансылык маалыматтарды инвестициялык долбоорлорду баалоодо жана Инвестициялык кеңеш үчүн корутундуларды даярдоодо туура чечмелөөнүн ыкмалары өзгөчө баса белгиленди.

Семинар интерактивдүү форматта өтүүдө: катышуучулар чыныгы кейстерди талдап, практикалык мисалдарды талкуулап, өз ара тажрыйба алмашууда. Мындай ыкма теориялык даярдыктын деңгээлин жогорулатуу менен бирге, күнүмдүк ишмердүүлүктө дароо колдонууга мүмкүн болгон практикалык көндүмдөрдү калыптандырууга шарт түзөт.

Сессиянын модератору болуп стратегиялык пландоо жана финансылык башкаруу жаатында ири компанияларда көп жылдык тажрыйбага ээ болгон эксперт — Азамат Дикамбаев чыгууда.

Семинар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Катчылыгы, Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү Программасы (ПРООН) жана НАИ КР алдындагы Мамлекеттик-Жеке Өнөктөштүк борбору түзгөн үч тараптуу кызматташтык келишиминин алкагында өткөрүлүүдө.