Стратегиялык семинардын экинчи күнү: РИК — бизнес, инвесторлор жана мамлекеттик органдардын диалогу үчүн негизги институт катары

Стратегиялык семинардын экинчи күнү Регионалдык инвестициялык кеңештердин (РИК) катчылыктарынын кызматкерлери, Улуттук инвестициялар агенттигине караштуу МЖӨ борборунун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын өкүлдөрү үчүн өткөрүлүүдө. Бул күндүн негизги багыты — РИКтин региондук экономиканын өнүгүшүндөгү стратегиялык ролун терең түшүнүү жана алардын негизги стейкхолдерлор үчүн түзө турган баалуу сунуштарын аныктоо болду.

Экинчи күндүн талкууларынын борборунда төмөнкү суроолор турду: эмне үчүн бизнес жана инвесторлор РИК менен тыгыз иштешүүгө кызыкдар болушу керек; РИКтин чыныгы баалуулугу жана өзгөчөлүгү эмнеде; эмне үчүн мамлекеттик органдар РИКти ишенимдүү өнөктөш катары көрүшү керек.

Семинардын катышуучулары белгилешти: ишкерлер РИКтен учурдагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча жардам гана күтпөстөн, узак мөөнөттүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда колдоо көрсөтүүнү да күтүшөт. Бул багытта РИК бизнеске институционалдык коштоо, жөнгө салуу тоскоолдуктарын жоюуга көмөк көрсөтүү, региондук жана республикалык деңгээлдеги демилгелерди илгерилетүү, мамлекеттик органдар менен сапаттуу байланыш каналдарын түзүү сыяктуу кызматтарды сунуштай алат.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар ближайкы келечекте РИКтин ишмердүүлүгүнүн кайсы багыттарына көңүл буруу керектигин да талкуулашты. Атап айтканда, нормативдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу демилгеси, инвестициялык долбоорлорду коштоо, консультациялык кызматтарды өнүктүрүү жана аналитикалык функцияны күчөтүү сыяктуу негизги багыттар белгиленди. Ошол эле учурда, бул инструменттердин баарынын максаты бир — бизнес чөйрөсүндө РИКке болгон ишенимди жогорулатуу жана Кеңештин региондогу инвесторлор жана ишкерлер үчүн “кирүү пункту” катары ролун бекемдөө.

Семинардын алкагында бизнес-моделдерди түзүү ыкмаларын колдонуу катышуучуларга РИК ар кандай стейкхолдерлор топтору — бизнес, инвесторлор, мамлекеттик органдар жана жарандык коом үчүн кандай баалуулуктарды түзүшү керектигин түзүмдүү талдоого жардам берди. Өзгөчө көңүл практикалык мисалдарды иштеп чыгууга жана ар бир регион үчүн РИКтин туура позициясын аныктоого бурулду.

Сессиянын модератору болуп стратегиялык пландоо жана финансылык башкаруу жаатында ири компанияларда көп жылдык тажрыйбага ээ болгон эксперт — Азамат Дикамбаев чыгууда.

Семинар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Катчылыгы, Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү Программасы (ПРООН) жана НАИ КР алдындагы Мамлекеттик-Жеке Өнөктөштүк борбору түзгөн үч тараптуу кызматташтык келишиминин алкагында өткөрүлүүдө.