Логистика - E-commerce’тин стратегиялык кыймылдаткычы катары

23-май күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук маркетплейстер форумунун алкагында «Логистика — электрондук сооданын таянычы» аттуу маанилүү панелдик сессия өттү. Бул сессия e-commerce тармагындагы системалуу чечимдерди талкуулоо үчүн аянтча болуп, логистика секторунун негизги оюнчуларын, маркетплейстерди жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн бириктирди.

 

Панелдик талкуунун модератору болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Секретариатынын МЖӨ боюнча эксперти Чолпон Асакеева чыкты. Ал сессияны ачып жатып, логистиканын азыркы учурда жөн гана инфраструктура эмес, жалпы электрондук сооданын, анын ичинде экспорттун, кампаларды локалдаштыруунун жана жеткирүү чынжырларын санариптештирүүнүн туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө болорун баса белгиледи.

 

Панелдик сессиянын катышуучулары:

  • Марат Черикчиев, «Кыргыз почтасынын» башкы директору
  • Арсен Минбаев, «Е-комсервис» компаниясынын башкы директорунун орун басары
  • Виталий Венцловас, Германиядагы «Кыргыз Пост ГмбХ» компаниясынын директору
  • Акылбек Едилбаев, логистикалык компания FLY POSTтун башкы директору

 

Спикерлер эмне тууралуу сүйлөштү:

Марат Черикчиев: «Кыргыз почтасы» – кат ташуучу эмес, e-commerce инфраструктурасынын бөлүгү

Улуттук почта операторунун жетекчиси компаниянын стратегиялык багыттарын тааныштырып, Бишкек, Ош жана Нарын шаарларындагы жаңы логистикалык борборлордун ачылышы, 7500 м² бонддук кампанын ишке кириши жана Жалпы бажылык каттоо борборунун (ЕМТО) түзүлүшү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, «Кыргыз почтасы» азыр Wildberries, Temu, Ozon сыяктуу ири маркетплейстер менен иштеп, трансчек аралык логистикага активдүү катышууда.

Факт: Компания 2023-жылы Бүткүл дүйнөлүк почта союзу тарабынан жарыяланган санарип трансформация рейтингинде 98-орундан 29-орунга көтөрүлгөн.

Ошондой эле ал Face ID менен посылка берүү долбоорунун кеңейтилери жана 130 электромобиль жана 134 заряддоо станциясы менен «жашыл логистика» башталары тууралуу билдирүү жасады.

 

Арсен Минбаев: «Логистика — жөн гана жеткирүү эмес, интеграция»

«Кыргыз почтасынын» туунду компаниясы болгон E-com Service өкүлү логистикалык чынжыр тууралуу айтып берди.

Кытайдагы кампа — 12 500 м², Бишкектеги аймак — 20 000 м² (анын ичинде 2500 м² кампа).

Сортировка системасы күнүнө 200 000 посылкага чейин иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, ал эми тактык деңгээли 0,01%тен төмөн.

Ал бардык этаптардын – кабыл алуу, маркировка, санариптик эсепке алуу жана бажылык каттоонун автоматташтырылганын баса белгиледи. Учурда 94 ПВЗ жана дарекке чейин жеткирүү системасы иштейт.

 

Виталий Венцловас: «Кыргызстан – Европа: жаңы багыттарды түзүүдөбүз»

Германиядагы «Кыргыз Пост ГмбХ» директору Европа менен Кыргызстандын ортосунда ыкчам жана туруктуу логистикалык каналдарды түзүү иштери тууралуу маалымдады. Анын негизги максаты — экспортту колдоо, кичи жана орто бизнести Европа базарына чыгаруу үчүн түз чечимдерди сунуштоо.

 

Акылбек Едилбаев: «FLY POST — e-commerce логистиканы ыңгайлуу кылган өнөктөш»

FLY POST компаниясы Кытайдан Кыргызстанга жеткирүү боюнча адистешкен. Компаниянын Кытайдагы кампа аянты — 4000 м², Кыргызстан боюнча 56дан ашык ПВЗ иштейт.

Мобилдик колдонмо аркылуу заказды реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү жаратылган.

Компания $1.9/кгдан баштап тарифтерди сунуш кылып, баерлер, онлайн дүкөндөр жана бөлөк логистикалык операторлор менен иштешет. Жакын арада ПВЗ желесин кеңейтүү жана маркетплейстер менен кызматташтыкты тереңдетүү пландалууда.

 

Бул панелдик сессия логистиканын электрондук сооданын жөн гана кошумча кызматы эмес, стратегиялык улуттук инфраструктуранын ажырагыс бөлүгү экенин көрсөттү. Кыргызстанда дүйнөлүк деңгээлге жооп берген логистикалык борборлор, сортировка линиялары жана трансчек аралык маршруттар ишке ашырылып жатканын ишенимдүү түрдө айта алабыз.

Автоматташтыруу, ачыктык, кардар тажрыйбасы жана ыкчам жеткирүү – булардын бардыгы эми келечек эмес, учурдагы базалык талаптарга айланды. Талкууга катышкандар бир пикирде болушту: бул сектордун өнүгүүсү мамлекеттик, жеке секторлордун жана эл аралык өнөктөштөрдүн активдүү кызматташуусу менен гана мүмкүн болот.