Бүгүн, 23-майда, Бишкек шаарындагы Технопарктa Кыргыз Республикасынын Улуттук маркетплейстер форуму өз ишин баштады. Бул иш-чара электрондук соода жана санарип логистика тармагындагы маанилүү окуя болуп саналат. Форумдун уюштуруучулары — «Кыргыз почтасы» ААК жана Кыргыз Республикасынын трансчек аралык электрондук соода жана логистика ассоциациясы, Инвестициялык кеңештин Секретариатынын көмөктөшү менен.
Форумдун расмий ачылышында мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун жогорку даражадагы өкүлдөрү чыгып сүйлөштү. Алардын катарында — Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жаманкулов, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Бажы кызматынын, Элдик банктын, КР Соода-өнөр жай палатасынын, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү, ошондой эле Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Литва, Казакстан жана Россиядан келген эл аралык ассоциациялардын жетекчилери бар.
Кыргыз Республикасынын трансчек аралык электрондук соода жана логистика ассоциациясынын президенти Марсель Салахунов форумдун максаттарын жана электрондук коммерциянын өнүгүүсүнүн маанисин тааныштырды, ошондой эле Ассоциациянын катышуучуларына сертификаттарды тапшырды жана жаңы мүчөлөрдүн расмий кошулушу болду.
Форумдун катышуучуларын мазмундуу программа күтөт:
— E-commerce’тин негизги таянычы катары логистика боюнча панелдик талкуулар
— Кыргызстандагы алдыңкы маркетплейстердин презентациялары: Elpost.kg, Goods.kg, Tap.kg, Lalafo, Qoovy жана башкалар
— Санариптик чечимдер, стриминг платформалар, жасалма интеллект куралдары жана B2B-интеграциялар тууралуу талкуулар
— Электрондук соода үчүн каржылык инфраструктура боюнча панель: эквайринг, POS-кредиттер, өнөктөштүк программалар
— Форумдун жыйынтыктоочу бөлүгү: меморандумдардын жана макулдашуулардын кол коюлушу
Ошондой эле форум алкагында маркетплейстердин жана өнөктөш кызматтардын көргөзмө аймагы иштеп жатат, B2B-таанышуу жолугушуулары өтүүдө.
Бул форум — Кыргыз Республикасындагы электрондук сооданы өнүктүрүүгө багытталган мыкты тажрыйбалар менен бөлүшүүнүн, чечимдерди сунуштоонун жана иш жүзүндөгү кадамдарды иштеп чыгуунун ачык диалогдук аянтчасына айланды.