2025-жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында «Инвесторлор үчүн кепилдиктер жана стимулдар: инвестициялык салымдар үчүн алдын ала аныкталган жана корголгон чөйрөнү кантип түзүүгө болот?» деген темада ишкерлик таң ашы болуп өттү. Бул иш-чараны Түркия – Кыргызстан «Кәсипкерлердин, Маданияттын, Биримдиктин жана Достуктун» коомдук бирикмеси (ТУКИД) уюштурду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Секретариатынын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун, эл аралык уюмдардын жана түрк-кыргыз ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.
Катышуучуларга куттуктоо сөздөрү менен ТУКИД коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы Уфук Индже, Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем жана Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Нурбек Анарбекин кайрылышты.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Секретариатынын укуктук маселелер боюнча башкы эксперти Бакытбек Самаков мазмундуу презентация менен чыгып, Инвестициялык кеңешти мамлекеттик жана жеке секторлор ортосундагы диалог үчүн туруктуу жана институционалдык аянтча катары тааныштырды. Өзүнүн баяндамасында ал Кеңештин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын кеңири баяндап берди. Ошондой эле, бизнес-ассоциациялар тарабынан сунуштарды берүүнүн жана аларды Кеңештин жыйындарынын күн тартибине киргизүү механизмдеринин тартиби тууралуу өзгөчө басым жасады.
Бул ишкерлик таң ашы Түркия менен Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жана бизнес-коомчулугунун ортосунда ачык диалог үчүн маанилүү аянтчага айланды. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун практикалык мисалдарын жана укуктук аспектилерин талкуулап, эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Секретариаты өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылуу максатында мамлекет менен бизнес ортосундагы ачык диалогду өнүктүрүү жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган демилгелерди мындан ары да туруктуу колдоп келет.