РЕПОРТАЖ УТРК Баткен

2024-жылдын 12-октябрында Баткен облусунда «Баткендин өнүгүүсү – өлкөнүн өнүгүүсү 2» аттуу экинчи эл аралык инвестициялык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин көчмө жыйыны болуп өттү. Жыйынга бизнес, өкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Күн тартибине ылайык, көчмө жыйындын алкагында төрт негизги маселе каралды. Анын ичинде Баткен облусунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мысырович Баткендин мүмкүнчүлүктөрү боюнча баяндама жасады. Мындан сырткары, инвесторлор да сөз сүйлөп, ОАО «Кыргыз-Турк К-НефтьГаз» компаниясынын директору Эркан Пехливан, ОсОО «Энерджи Солюшнс Кыргызстан» компаниясынын башкы директору Дмитрий Константинов жана ОсОО «Сан Энерджи Ко» компаниясынын башкы директору Лю Йонгджи өз долбоорлору тууралуу маалымат беришти.