Инвестициялык кеңештин көчмө жыйыны «Баткендин өнүгүүсү – өлкөнүн өнүгүүсү 2» эл аралык инвестициялык форумдун алкагында

2024-жылдын 12-октябрында Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин көчмө жыйыны болуп өттү. Жыйын «Баткендин өнүгүүсү – өлкөнүн өнүгүүсү 2» аталышындагы экинчи эл аралык инвестициялык форумдун алкагында өткөрүлүп, ишкерлердин, өкмөттүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бириктирди. Бул иш-чаранын негизги максаты — жергиликтүү жана чет элдик инвесторлордун катышуусу менен жаңы инвестициялык жана өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө болду.

Форум жана Инвестициялык кеңештин жыйыны регионалдык соода, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, «жашыл экономика» демилгелери, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана чек ара аралык экономикалык кызматташуу сыяктуу негизги маселелерге көңүл бурду. Маанилүү элементтердин бири катары Баткен облусунун мүмкүнчүлүктөрүн баса көрсөткөн ар түрдүү инвестициялык долбоорлордун презентациясы болду.

«Инвестициялык кеңештин жыйыны II Инвестициялык форумдун алкагында, ата мекендик жана чет элдик инвесторлор, дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн кеңири катышуусунда өтүп жатканын эске алуу менен, Инвестициялык кеңештин жыйынынын күн тартибинде Баткен облусунун инвестициялык потенциалы, инвестициялоо үчүн моделдер жана шарттар, ошондой эле инвесторлорго мамлекеттик жана каржылык колдоо системасы жөнүндө презентациялар каралган» - деп белгиледи Касымалиев Адылбек Алешович, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары.

Жыйындын жүрүшүндө Баткен облусунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү боюнча суроолор каралып, аймактын инвестициялык потенциалы жана Орусия, Жуңго (Кытай) жана Түркиядан келген эл аралык инвесторлордун катышуусу менен ишке ашырылып жаткан бир катар инвестициялык долбоорлор боюнча маалыматтар берилди, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин ишке ашыруу аркылуу регионалдык инфраструктураны өнүктүрүү үчүн инвестиция тартуу инструменттери талкууланды.

Мындан тышкары, инвестициялык долбоорлорду колдоо чаралары тууралуу маалыматтар берилип, катышуучуларга өнүктүрүү боюнча мамлекеттер аралык фонддор аркылуу колдоо алуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеңири маалымат берилди.

Жыйындын ишине тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери, ЖК КРдин фискалдык комитетинин депутаттары, бизнес ассоциациялар, жергиликтүү жана чет элдик инвесторлор, эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты. Жыйында каралган маселелер боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

Көчмө жыйын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Баткен облусундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук инвестиция агенттиги менен биргеликте, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ), Эл аралык финансы корпорациясы (IFC), USAID Агросоода жана GIZ долбоорлорунун колдоосу менен уюштурулду.