Бүгүн, 2024-жылдын 16-октябрында, Бишкек шаарында «Бүгүнкү өнөктөштүк — эртеңки гүлдөп өнүгүү» деген ураан астында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (ГЧП) боюнча III Эл аралык конференция өз ишин баштады. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук инвестиция агенттигинин ГЧП борбору Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен уюштурду жана бул иш-чарага инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу жана ГЧПны өнүктүрүү жаатындагы алдыңкы эксперттер чогулушту.
Инвестициялык кеңештин катчылыгы инвестициялык климатты жакшыртууга жана ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жеке секторду тартууга багытталган иш-чараларды колдоону улантууда.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин биринчи орун басары Адылбек Касымалиев ачылыш сөзүндө ГЧПнын жеке инвестицияларды тартуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана инновацияларды киргизүү инструменти катары маанилүү ролун баса белгиледи. Ал акыркы жылдарда түзүлгөн натыйжалуу мыйзамдык база Кыргыз Республикасынын экономикасына ГЧП механизмдерин тезирээк киргизүүгө мүмкүнчүлүк бергенин кошумчалады.
Конференция Кыргызстандагы ГЧП борборунун түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгын да белгиледи. Иш-чаранын жүрүшүндө эл аралык эксперттер жана ири жеке жана мамлекеттик уюмдардын өкүлдөрү ГЧПны өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, анын ичинде санариптештирүүнү, инновацияларды, экологиялык туруктуулукту жана социалдык маселелерди чечүү жолдорун талкуулашты.
Инвестициялык кеңеш өлкөдө ГЧПны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү улантып, жеке сектор менен мамлекеттик органдардын ортосунда өз ара аракеттенүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган аракеттерди колдойт. Бул, өз кезегинде, экономиканы чыңдоого жана стратегиялык долбоорлорго жаңы инвестициялардын тартылышына өбөлгө түзөт.