2024-жылдын 8-августунда, Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укутуу өкүлүнүн алдында өткөн Регионалдык Инвестициялык Кеңештин жыйынынын алкагында, Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык каттарын тапшырды.
Ыраазычылык каттарын Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатынын жана региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө активдүү салым кошкон уюмдардын өкүлдөрү алышты:
Далиев Уланбек Эшенович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
Александра Соловьева - Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн туруктуу өкүлү
Дмитрий Пятаченко - Кыргызстандагы Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) жетекчиси
Нуржан Шабиева - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлүнүн алдында Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин катчысы
Нурбек Анарбек уулу - Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору
Ак Марал Исмаилова - Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун адиси
Бул ыраазычылык каттары Кыргыз Республикасында туруктуу экономикалык өсүшкө жана бизнес чөйрөсүн жакшыртууга жетишүүдө негизги өнөктөштөрдүн активдүү катышуусунун жана колдоосунун маанилүүлүгүн таанууну билдирет.