Ысык-Көл облусунда Регионалдык Инвестициялык кеңеш ишке киргизилүүдө

Понедельник, 19 Август 2024 10:17

2024-жылдын 8-августунда Сары-Ой айылында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы Регионалдык Инвестициялык Кеңештин биринчи жыйыны старт алды. Биринчи жыйында талкууланган негизги темалар: «Регионалдык Инвестициялык Кеңештер: Туруктуу экономикалык өнүгүүнүн негизги өзөгү катары натыйжалуу мамлекеттик-жеке диалог» жана «Ийгиликтүү МЖӨ: Региондордун социалдык-экономикалык маселелерин өнөктөштүк аркылуу чечүү».

 

Иш-чаранын негизги максаты – мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми аркылуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы перспективдүү мүмкүнчүлүктөрдү жана артыкчылыктуу секторлорду аныктоо, ошондой эле Ысык-Көл облусундагы мамлекеттик органдардын, ишкерлердин жана жергиликтүү калктын маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат. Ысык-Көл облусу өзүнүн инвестициялык потенциалы жана туристтик жагымдуулугу менен жаңы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн идеалдуу аянтча болуп эсептелет.

 

Жыйын төмөнкү катышуучулардын панелдик сессиясы менен башталды:

  • Арпачиев Данияр Карагулович, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
  • Абакиров Элдар Курманбекович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
  • Кыдырбаев Улук Асанкарыевич, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси;
  • Закенаев Кубанычбек Акимгазиевич, экономика жана коммерция министринин кеңешчиси;
  • Александра Соловьева, Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн туруктуу өкүлү;
  • Дмитрий Пятаченко, Кыргызстандагы Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) жетекчиси;
  • Нурбек Анарбекин, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун (ГЧП) директору.

 

Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев өзүнүн сөзүндө: «Биздин биргелешкен милдетибиз – өлкөбүздүн бардык аймактарында орто жана чакан бизнеске инвестиция тартуу үчүн шарттарды түзүү. Ошого байланыштуу, региондордун экономикалык өнүгүүсү үчүн мамлекеттик-жеке диалогдун маанилүүлүгүн эске алып, Министрлер Кабинетинин жетекчилиги тарабынан коюлган милдеттерди аткаруу максатында Инвестициялык кеңештин катчылыгы, өнөктөштөр менен бирге, регионалдык инвестициялык кеңештерди ишке киргизүү жана активдештирүү иштерин баштады» - деп белгиледи.

 

Эки күндүк иш-чаранын алкагында спикерлер экономикалык өнүгүү чаралары жана региондун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде учурдагы инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып беришет. Жергиликтүү деңгээлдеги ишкердик экосистемасын өнүктүрүү темалары, айрыкча жаштар жана аялдар ишкердиги, ошондой эле майыптыгы бар адамдардын ишкердигин колдоо маселелери талкууланат. Эксперттер экспорттук мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып беришет, ал эми райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү ар бир районунун экономикалык потенциалдарын сунушташат.

 

Отурум Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгы менен биргеликте, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын жана Кыргыз Республикасындагы Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) колдоосу менен уюштурулуп жатат.