BIFке даярдык көрүү боюнча жолугушуу

1 август күнү Инвестициялык кеңештин катчылыгынын кеңсесинде JIA бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрү менен Бишкек Инвестициялык Форумуна (BIF) даярдык көрүү боюнча жолугушуу өттү. Форум 2024-жылдын октябрь айынын аягында өткөрүлөт деп пландалууда.

Бишкек Инвестициялык Форуму чакан жана орто бизнестин ири компаниялар, инвесторлор жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүсүнө багытталган негизги аянтча катары өзүн көрсөттү. Форум ишкердик кызматташуу жана инвестицияларды тартуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.

Быйыл атайын түзүлгөн эксперттик комиссия BIF 2024 каталогунда камтылуучу 100 бизнес-долбоорду тандап алат. Алардын ичинен эң мыкты 15 долбоор форумда өз сунумун жасоо үчүн чакырылат.

Жолугушууда каржы институттары жана башка демөөрчүлөр тарабынан түзүлүүчү байге фондун түзүү маселелери талкууланды.