Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясы

Өткөн жумада Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегиянын жыйынына катышты.

17-июлда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясы болуп өттү, ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, экономика жана коммерция министри, коллегиянын төрагасы Данияр Амангельдиев, ошондой эле Президенттин Администрациясынын, Министрлер Кабинетинин, министрликтердин, ведомстволордун, түзүмдүк уюмдардын жана ММК өкүлдөрү катышты.

Жыйында Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын январь-июнь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары угулуп, талкууланды жана жылдын аягына чейин аткарылуучу милдеттер белгиленди. Экономика жана коммерция министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрү, анын ичинде Туризм департаменти, "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору Финкѳзѳмѳл жана Банкроттук иштери боюнча департаменти өз отчеттору менен бөлүштү.

Өзүнүн сөзүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы экономикалык көрсөткүчтөргө токтолду. Кыргызстандын экономикалык өсүү темптери туруктуу өнүгүүнү көрсөтүүдө – 2023-жылы ИДПнын орточо өсүү темптери 7%ды түзгөн болсо, 2024-жылдын биринчи кварталында экономикалык өсүү темптери 8,8%га чейин тездеген. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында экономиканын өсүшү 8,1%ды түзгөн, Кумтөр кенин эске албаганда – 9,9%, ИДПнын көлөмү 559 млрд сомдон ашкан.

Коллегиянын катышуучулары отчеттук мезгилдеги министрликтин аткаруучулук дисциплинасынын абалы жөнүндө маалыматты да карап чыгышты.

«Биз экономиканы туруктуу өнүктүрүү багытына салуу үчүн күч-аракетибизди үч эсеге көбөйтүшүбүз керек жана мамлекет башчысы 2030-жылга карата ИДПнын көлөмүн 30 миллиард долларга жана 2050-жылга чейин 200 миллиард АКШ долларына жеткирүү максаттарына жетишүүбүз керек»,

«Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында республикада 136 жаңы ишкана ачылат. Экономика жана коммерция министрлиги ушул жана башка ишканаларды колдоого алышы керек, ошондой эле ишкердик жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү аркылуу ички рынокту коргоону үйрөнүшү зарыл», - деп кошумчалады Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров.