Кеңештин биринчи жыйынында өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык потенциал жана артыкчылыктуу долбоорлор талкууланды

Понедельник, 19 Август 2024 10:35

Иш-чаранын экономикалык сессиясында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев модераторлук кылды.

Сессиянын негизги баяндамачыларынын бири болуп, Кыргыз Республикасынын туризмди өнүктүрүү фондунун биринчи вице-президенти Асылбек Алиев сөз сүйлөдү. Ал Фонддун ишмердүүлүгү жана туризм тармагын колдоо боюнча демилгелер жөнүндө айтып берип, жыл сайын Ысык-Көл облусуна 1 миллиондон ашык туристтер келээрин белгиледи. Ошондой эле, Тосор айылында курулуп жаткан эл аралык спорттук комплекс тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, «Кепилдик фонду» башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров долбоорлорго кепилдик берүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди, бул болсо өлкөнүн ар кайсы тармактарына инвестиция тартуу үчүн маанилүү фактор болуп саналаары белгиленди.

Жергиликтүү деңгээлде ишкердик экосистемасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. БУУӨПтүн социалдык биримдик маселелери боюнча улук кеңешчиси Мукаш Калдаров жана Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси Элвира Боромбаева Баткен облусунун Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү кеңешинин тажрыйбасы менен бөлүшүп, жаштар жана аялдар ишкердигин колдоо маселелерине өзгөчө басым жасалганын белгилешти.

Сессияда ошондой эле суу менен камсыздоо жана кайра жаралуучу энергия булактары боюнча долбоорлор да талкууланды. Бул багытта Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) директору Дмитрий Пятаченко өзүнүн сунуштарын билдирди.

"Три вершины" жана "Мясокомбинат. Балыкчы" сыяктуу инвестициялык долбоорлордун презентациялары катышуучулар арасында өзгөчө кызыгуу жаратты. CWP ASSOSIATES компаниясынын жана "Дордой-Балыкчы" ЖЧКнын өкүлдөрү бул долбоорлордун ишке ашуу перспективалары жана аймак үчүн маанилүүлүгү жөнүндө айтып беришти.