Репортаж - кезектеги Инвестицилык кеңештин отуруму

РЕПОРТАЖ - кезектеги Инвестицилык кеңештин отуруму, шилтеме аркылуу жеткиликтүү

Кезектеги Инвестицилык кеңештин отурумунун күн тартибине ылайык 4 маселе каралды, атап айтканда, Венада (Австрия Республикасы) өткөрүлгөн Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумга кыргыз делегациясынын катышуусунун жыйынтыгы, Кыргыз Республикасына инвестицияларды көбөйтүү боюнча чаралар жана Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын жогорулатуу маселелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун 2024-жылдын 5 айындагы ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулду.

Мындан тышкары, бизнес-ассоциациялардын жана жеке сектордун өкүлдөрү бизнеске тиешелүү айрым маселелерди көтөрүштү. Эл Аралык Ишкерлер Кеңеши Кыргыз Республикасынын экономикасына мамлекеттин катышуусу боюнча аналитикалык отчетту сунуштады. Аталган отчет уюмдун сайтында жеткиликтүү.