Кыргыз Республикасынын Сингапур медиация конвенциясына кирүү маселеси талкууланды

Инвестициялык кеңештин катчылыгы Кыргыз Республикасынын Сингапур конвенциясына кошулуусу, ошондой эле Кыргыз Республикасында медиацияны өнүктүрүү концепциясын талкуулоого арналган жыйынга катышты. Жолугушуу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Укук жана өнүктүрүү эл аралык институту (IDLO) менен биргеликте ишке ашырган техникалык жардам долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан уюштурулду. 

Конвенция медиациянын натыйжасында келип чыккан жана тараптар тарабынан коммерциялык талаш-тартышты чечүү эл аралык жөнгө салуу келишимдерге карата колдонуу үчүн түзүлгөн. Конвенция эл аралык жөнгө салуу макулдашууларынын аткарылышын камсыз кылуу жана колдонуу үчүн макулдашылган негизди камсыз кылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү медиацияны колдоп, анын өнүгүшүнө ар тараптуу иш-чараларды жүргүзөт, анын ичинде Сингапур конвенциясына кошулууга көмөк көрсөтүү. Бул маанилүү демилгени колдоо үчүн ЕРӨБ жана IDLO техникалык жардам көрсөтүү долбоорун ишке киргизди. Долбоордун максаттарына Конвенцияга кол коюу жана ратификациялоо процессин колдоо гана эмес, ошондой эле Кыргыз Республикасында Конвенцияны ийгиликтүү ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн зарыл болгон өлкө мыйзамдарын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү, коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу жана консенсусту түзүү кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Катчылыгы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты өнүктүрүү жана жакшыртуу үчүн эл аралык инвестициялык талаш-тартыштарды медиация жолу менен адилет жана натыйжалуу чечүү үчүн мыйзамдык базаны, ошондой эле укуктук шарттарды түзүү боюнча демилгесин колдойт.