2024-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Үсөнбекович Жапаровдун төрагалыгы алдында Инвестициялык кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумду Инвестициялык кеңештин катчысы Кыдырбаев Улук Асанкарыевич алып барды.
Өз сөзүндө МинКаб Төрагасы кеңештин мүчөлөрүнө эки негизги стратегиялык объектилердин, тагыраагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоого даярдыктар тууралуу айтып берди. Өз учурунда Кеңештин катчысы катчылыктын экинчи кварталдагы ишмердүүлүгүнө кыскача маалымат берди.
Жыйынга өкмөттүн, бизнес-коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Негизги көңүл инвестициялык климатты жакшыртууга, экспорттук потенциалды жогорулатууга жана өлкөдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө бурулду.
Жолугушуунун негизги суроолору:
- Венада өткөн Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумга катышуунун жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Өмүкеевич Ибраев кыргыз делегациясынын форумга жасаган иш сапарынын жыйынтыгы боюнча баяндама жасады.
- Экспорттук потенциалды жогорулатуу: “Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун директору Урмат Канатбекович Такиров 2024-2027-жылдарга Улуттук экспорт программасынын долбоорунун концепциясы менен тааныштырды.
- Инвестицияларды тартуу: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Жээналиев Жалын Муратбекович агенттиктин 2023-жылга карашта жасалган иштер тууралу токтолду. КР Тышкы иштер министринин орун басары Атаханов Авазбек Койлубаевич министрликтин инвестиция тартуу жаатында аткарган иштери боюнча отчетун берди.
- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун ишмердүүлүгү: КР УИАнын алдындагы МЖӨ борборунун директорунун орун басары Данилбеков Улан Данилбекович Борбордун 2024-жылдын 5 айындагы ишинин жыйынтыгы менен тааныштырды.
Ошондой эле, айрым катышуучулар сунуштарын айтышты, мисалы, Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Балтабаев Рустам эл аралык сертификаттарды жана транспорттук чыгымдарды субсидиялоо, чек ара аралык факторинг жана каржылоонун жеткиликтүүлүгү боюнча маселелерди көтөрдү.
Кеңешменин жыйынтыгында министрлер кабинетинин башчысы талкууланган демилгелерди ишке ашырууга багытталган тиешелүү тапшырмаларды берди. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын туруктуу экономикалык өсүшүн жана өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн мамлекет менен бизнестин конструктивдүү диалогунун маанилүүлүгү тастыкталды.
Кыргызча
English
Русский