Бишкектеги кабелдерди демонтаждоо жана тарифтер боюнча конструктивдүү диалог

1-июль күнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгында була-оптикалык кабелдерди демонтаждоо жана электр мамыларын ижарага берүү тарифтерин жогорулатуу маселелери боюнча консультативдик кеңешме болуп өттү. Бул маселе Кыргыз Республикасынын байланыш операторлорунун ассоциациясы тарабынан көтөрүлгөн жана «Бишкексвет», «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканалары менен бирге өтту.

Байланыш операторлор ассоциациясынын мүчөлөрү «Бишкексвет» жана «Бишкек троллейбус башкармалыгынын» мамыларын пайдалануу үчүн ижара акысынын олуттуу кымбатташына тынчсыздануусун билдиришти. Ижара акысы ай сайын 37-50 сомдон 200 сомго чейин жогорулаганы маалым болду. Байланыш операторлорунун ассоциациясы тарифтердин көтөрүлүшү сөзсүз түрдө байланыш операторлорунун чыгымдарынын өсүшүнө алып келерин, бул өз кезегинде калк үчүн байланыш кызматына тарифтердин өсүшүнө таасирин тийгизиши мүмкүн экенин белгиледи.

Ошондой эле була-оптикалык кабелдерди демонтаждоо байланыш кызматтарын көрсөтүүдө үзгүлтүккө алып келиши мүмкүн болгон жана операторлор үчүн чыгымдардын көбөйүү маселелери талкууланды.

Жыйындын катышуучулары: Бишкек шаарынын вице-мэри – Кадыров Азамат, Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси – Сагынбаев Канат, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директорунун орун басары – Алия Койчукеева, Байланыш операторлору ассоциациясынын аткаруучу директору– Ормошев Салават, Байланыш операторлор ассоциациясынын өкүлдөрү – Дөөталиев Улан жана Давлетов Эльдар; Байланыш операторлорунун ассоциациясынын мүчөлөрүнүн өкүлдөрү: «Акнет» ЖЧКсынын тармактык курулуш боюнча директору – Султаналиев М.С., «Мегалайн» ЖЧКсынын директорунун орун басары – Махмудов Э.А., «Мегалайн» ЖЧКсынын техникалык эсеп кызматынын жетекчиси – Каралков Д.А., «Сайма» ЖАКтын башкы директору – Касымбеков Б.Ж., “Сайма Телеком” ЖАКтын техникалык директору – Борисов Т.В., “Сайма Телеком” ЖАКтын юристи – Денисов В.С.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар көйгөйлөрдү чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун жана мамыларды ижарага берүү тарифтерин оптималдаштырууну талкуулашты. Талкуунун жыйынтыгында эки тараптан 5 адамдан турган, катчылыктын алдында консультативдик топ түзүү чечими кабыл алынды. Мындан тышкары, Бишкек мэриясы кабелдик чубалгыларды демонтаждоо боюнча алты айлык иш планын тартуулайт. Тараптар көтөрүлгөн маселелерди мүмкүн болушунча тезирээк чечүү керек экендигине макул.

Инвестициялык кеңештин катчылыгы маселелерди чечүүгө өз тарабынан ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Бардык катышуучуларга активдүү катышкандыгы жана жемиштүү талкуулары үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биргелешкен аракеттер оптималдуу чечимди табууга жардам берет деп ишенебиз.