Экономикалык журналистика - Агробизнес жана азык-түлүк коопсуздугу

28-июнда экономикалык журналистика программасынын алкагында “Кыргыз Республикасындагы агробизнес жана азык-түлүк коопсуздугу” аттуу темада кезектеги жолугушуу болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрилигинин азык-түлүк коопсуздугу боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Жанузаков Данияр Жумабекович, Кыргыз Республикасынын Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү Ассоциациянын аткаруучу директору Рустам Балтабаев жана ММК өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда катышуучулар агробизнестин заманбап чакырыктары, аларды чечүү жолдору, агрардык секторду колдоо боюнча мамлекеттик программалар жана чаралар, айыл чарбасындагы инновациялык технологиялар жана ыкмалар, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда кооперативдердин жана чакан бизнестин ролун талкуулашты.

Данияр Жумабекович азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында айыл чарба кластерлерин өнүктүрүү боюнча иштер жүрүп жатканын баса белгиледи. Ал ошондой эле билим берүү программаларын жакшыртуу жана айыл чарба тармагындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

Рустам Балтабаев айрым милдеттерди аткарууда мамлекеттик колдоо ала турган ата мекендик ишканаларга «Өзгөчө статус» макамын берүү демилгесин көтөрдү. Анын айтымында, бул кадам агроөнөр жай комплексинин өнүгүшүнө дем берип, анын конкуренцияга туруштук берүүгө жардам берет.

Талкууда ошондой эле айыл чарбасына инновациялык технологияларды киргизүүнүн ийгиликтүү мисалдары, мисалы, процесстерди автоматташтыруу, талаага мониторинг жүргүзүү үчүн дрондорду колдонуу жана кыртышты иштетүүнүн алдыңкы ыкмаларын колдонуу тууралуу сөз болду. Катышуучулар мындай технологиялар түшүмдүүлүктү жана продукциянын сапатын бир топ жогорулата аларын белгилешти.

Бардык катышуучуларга активдүү катышкандыгы жана баалуу талкуулары үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бүгүнкү жолугушуу азык-түлүк коопсуздугу темасын, анын айыл чарба ишканалары жана чакан бизнес үчүн пайдасын, ошондой эле өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн маанисин андан ары изилдөөгө жардам берди деп ишенебиз.