Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун демилгеледи. Долбоордун концепциясы Кыргыз Республикасында экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн ишкерлерди жана инвесторлорду коргоону күчөтүүгө багытталган.
Мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
Негизги өзгөрүүлөр төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси мыйзамдуу ишкердик ишине тоскоолдук жаратуу үчүн жоопкерчилик караган жаңы 338 (1)-берене менен толукталып жатат.
- Мыйзамдуу ишкердик ишине тоскоолдук жаратуу үчүн жоопкерчилик күчөтүлүп жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 436-беренесинде көрсөтүлгөн айып пулдун өлчөмүн 100 эсептик көрсөткүчтөн 150 эсептик көрсөткүчкө көбөйтүү сунушталууда.
- Ишкерлерди камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын негизсиз колдонуудан коргоо максатында Мыйзам долбоору менен ишкерлерге карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган бөгөт коюунун альтернативдүү чараларын (электрондук байкоо жүргүзүү, күрөө, үй камагы) колдонуу сунушталат.
Буга чейин бул маселе Кыргыз Республикасынын инвестицияларды, анын ичинде чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, туризмди, авиацияны өнүктүрүү, лицензиялык-уруксат берүү тутумун өнүктүрүү маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча эксперттик жумушчу топ тарабынан да каралган. Бул эксперттик топтун курамына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгы дагы кирет.
Бул өзгөртүүлөр бизнес жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган. Инвестициялык кеңештин катчылыгы Кыргыз Республикасындагы экономиканы өнүктүрүүгө жана ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоого багытталган демилгелерди иштеп чыгууга жана алдыга жылдырууга активдүү катышууну улантууда.
Кыргызча
English
Русский