Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү

Урматтуу кесиптештер жана өнөктөштөр!

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгы сиздерди Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!

Сиздердин күнүмдүк эмгегиңиздер өлкөбүздүн өнүгүүсүндө жана гүлдөшүндө салым кошууда. Сиздин кесипкөйлүгүңүздүн, өжөрлүгүңүздүн жана жоопкерчилигиңиздин аркасында Кыргыз Республикасынын экономикасы өсүп, чыңдалууда. Жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө жана финансылык туруктуулукту камсыз кылууга сиздердин салымыңыздар зор.

Бул маанилүү тармакта иштеген ар бир кесиптештерибизге өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Сиздин талыкпаган эмгегиңизге жана жогорку стандарттарга жараша кылган ишиңиздерге алкыш!