ОшМУнун форумунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду

Бүгүн, 31-майында “Бизнестин, билим берүү, илим жана мамлекеттик органдардын өз аракеттенүүсү – аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлөрү жана жолдору” форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине каратшуу Инвестициялык кеңештин катчылыгы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Ош мамлекеттик университети ортосунда кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Меморандумдун максаты - бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртууга, саясатты ишке ашырууга жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонууга, ошондой эле инвесторлордун жана ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоого багытталган өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана узак мөөнөттүү натыйжалуу кызматташууну өнүктүрүү.

Меморандумга кол коюу билим берүү мекемелеринин, мамлекеттик органдардын жана жеке сектордун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча маанилүү кадам болуп саналат. Ал ишкердик, инвестиция, илимий-изилдөө, кичи жана орто бизнести өнүктүрүү, ошондой эле ESG принциптерин ишке ашыруу жана экономиканы санариптик трансформациялоо жаатында биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө багытталган.

Бардык катышуучуларга жигердүү катышып, колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз жана бул кызматташтык аймактардын экономикалык потенциалын өнүктүрүүдө олуттуу натыйжаларды алып келет деп ишенебиз.