Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын жаңы Суу кодексинин долбоорун жактырды жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизди. Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин иштелип чыккан долбоорунун максаты жана милдети Кыргыз Республикасынын суу фондунун жерлерин, жер үстүндөгү жана жер астындагы суу ресурстарын коргоо жана пайдалануу, башкаруу чөйрөсүндөгү укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бир ченемдик-укуктук актыга бириктирүү болуп саналат.
Жаңы Суу кодексинин кабыл алынышы суу ресурстарын туруктуу башкарууга, экологиялык көрсөткүчтөрдү жакшыртууга жана өлкөнүн экономикалык потенциалын чыңдоого шарт түзөт деп күтүлүүдө. Жаңы технологияларды киргизүү жана сууну пайдалануу чөйрөсүндө инновацияларды колдоо суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга көмөктөшөт жана экономиканын бардык тармактарын туруктуу суу менен камсыз кылат.
Жаңы Cee кодексинин долбооруна шилтеме
Кыргыз Республикасынын жаңы Cee кодексине карата пикирлериңиз же сунуштарыңыз болсо, бул шилтеме аркылуу атайын формада калтырыңыз.