Жогорку Кеңешке Жер кодексинин жаңы редакциясынын долбоору сунушталды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди. Жер ресурстарын пайдалануу чөйрөсүндө реформалардын негизги багыты болуп аларды эксплуатациялоого кыйла натыйжалуу жана сарамжалдуу ыкма менен дем берүү саналат. Мамлекет жер ээлеринин бытыранды түзүмүн консолидациялоо жана кошумча наркты максималдаштыруу механизмдерин түзүүгө милдеттүү. Буга Айыл чарба чөйрөсүндөгү мамлекеттик программалар багытталат, фискалдык жана тарифтик чаралар колдонулат, бул жерлердин деградация тенденциясын бурууга мүмкүндүк берет..

Кыргыз Республикасынын Жер кодексин жаңыртуунун алкагында жер рыногун либералдаштырууга жана айыл чарба багытындагы жерлерди сарамжалдуу пайдаланууга, анын ичинде берүүгө, алып коюуга, ажыратууга, күрөөгө коюуга, баалоого көмөк көрсөтүүчү ченемдер кайра каралды жана/же киргизилди.

Жаңы Жер кодексинин кабыл алынышы жерди туруктуу башкарууга, экологиялык көрсөткүчтөрдү жакшыртууга жана өлкөнүн экономикалык потенциалын чыңдоого шарт түзөт деп күтүлүүдө. Жаңы технологияларды киргизүү жана жерди пайдаланууда инновацияларды колдоо жер ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга көмөктөшөт жана экономиканын бардык тармактарынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылат.

Жаңы Жер кодексинин долбооруна шилтеме

Кошумча документтерге шилтеме

Кыргыз Республикасынын жаңы Жер кодексине карата пикирлериңиз же сунуштарыңыз болсо, бул шилтеме аркылуу атайын формада калтырыңыз.