Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын жаңы Эмгек кодексинин долбоорун жактырып Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизди. Жаңы Эмгек кодексинин максаты жаңыланган эмгек мыйзамдарын киргизүү аркылуу жумушчулар менен иш берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун камсыз кылуу болуп саналат.
“Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Эмгек кодексинин жана аны коштоп жүрүүчү Мыйзамдын долбоорунун негизги максаты – бир кыйла ийкемдүү, азыркы экономикалык жана социалдык реалдуулукка жооп бергенс жана структураланган ченемдик укуктук базаны түзүү. Буга эмгек шарттарын жакшыртуу, жумушчулардын укуктарын коргоо жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу кирет.
Жаңы Эмгек кодексинин кабыл алынышы экономиканын өсүшүнө, эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулашына жана жумушчулардын шарттарынын жакшыруусуна салым кошот деп күтүлүүдө. Жаңы технгологиялардын келүүсү, эмгекчилердин чыгармачылык демилгесин колдоо өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртууга жардам берет.
Жаңы Эмгек кодексинин долбооруна шилтеме
Кыргыз Республикасынын жаңы Эмгек кодексине карата пикирлериңиз же сунуштарыңыз болсо, бул шилтеме аркылуу атайын формада калтырыңыз.