Кыргыз Республикасынын Фармацевтика өндүрүүчүлөрүнүн ассоциациясы жана Фармацевтика жана медициналык ишмердүүлүк боюнча комитети менен жолугушуу

Инвестициялык кеңештин катчылыгынын кеңсесинде Кыргыз Республикасынын Фармацевтика өндүрүүчүлөрүнүн ассоциациясы жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Фармацевтика жана медициналык ишмердүүлүк боюнча комитети менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда өлкөдөгү фармацевтика тармагын өнүктүрүүгө байланышкан маселелер талкууланды.

Ассоциациянын жана комитеттин өкүлдөрү буга чейин алынып салынган, бирок жаңы өзгөртүүлөргө ылайык кайра киргизилип жаткан дары-дармектерге кошумча нарк салыгы киргизилип жатканына тынчсыздануусун билдиришти. Ошондой эле 2025-жылдын аягына чейин бардык өндүрүүчүлөр эл аралык GMP (Good Manufacturing Practice) стандартына баш ийүүсү зарыл экендиги баса белгиленди. Бул стандарт аткарылбаса, рынокто эки гана ата мекендик өндүрүүчү калып, дары-дармек менен камсыздоодо олуттуу көйгөйлөр жаралаары айтылды.

Жолугушууда ошондой эле Кытай, Япония сыяктуу ар кайсы өлкөлөрдөн өлкөнүн фармацевтика тармагына инвестиция салууга даяр чет элдик инвесторлор бар экендиги белгиленди, бирок алар мамлекет тарабынан зарыл болгон колдоонун жоктугуна тынчсызданышты, анын ичинде электр энергиясы, жер, жол жана суу менен камсыз кылуу.

Инвестициялык кеңештин катчылыгы ата мекендик дары-дармек өндүрүшүн өнүктүрүү жана калкка сапаттуу жана жеткиликтүү дары-дармектер менен камсыз кылуу максатында фармацевтика тармагын колдоого жана аныкталган көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.