Инвестициялык кеңештин катчылыгы Германиянын экономикасынын Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган Рейнланд-Пфальц федералдык жергесинин бизнес делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.
Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев ар кайсы тармактардан 42 миң мүчөсү бар Рейн-Гессен Соода-өнөр жай палатасы менен B2B форматында жолугушуу өткөрдү. Жолугушууларда кызматташуунун мүмкүн болгон багыттары жана Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестиция тартуунун келечеги талкууланды. Рейн-Гессен Соода-өнөр жай палатасынын тышкы соода бөлүмүнүн башчысы Элвин Йылмаз айым Инвестициялык кеңештин катчылыгы менен мындан аркы кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.
Делегациянын иш сапарынын максаты Кыргыз Республикасы менен Германиянын ортосундагы ишкердик мамилелерди түзүү жана кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн жана келечегин көрсөтүү, эки тараптуу сооданы өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана эки өлкөнүн бизнес коомчулугунун ортосундагы байланыштарды чыңдоо болду.
Инвестициялык кеңештин катчылыгы жолугушууну уюштургандыгы үчүн Германиянын экономикасынын Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнө жана бардык катышуучуларга активдүү катышкандыгы жана жемиштүү талкуулары үчүн ыраазычылык билдирет. Бул жолугушуулар эки тарапка тең пайдалуу жаңы долбоорлордун башталышы болуп, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы экономикалык байланыштарды бекемдейт деп ишенебиз.
Кыргызча
English
Русский