17-майда экономикалык журналистика программасынын алкагында “Креативдик экономика” темасынын кезектеги жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга экономикалык жаңылыктар тармагында эмгектенген журналисттер менен өлкөнүн негизги “жаратмандар” өкүлдөрү катышышты.
Жолугушууда катышуучулар креативдүү экономика деген эмне, кайсы факторлор экономиканы креативдүү кылат, анын өзгөчөлүктөрү жана экономиканын башка тармактары менен байланыштары талкууланды. Ошондой эле креативдүү экономикадагы кызматташуу миллиондогон долларлык инвестицияларды тартууга алып келген дүйнөлүк мисалдар дагы каралды.
Келген коноктор Креативдүү индустриялар ассоциациясынын ишмердүүлүгү жана Креативдүү индустриялар паркын ишке киргизүү тууралуу айтып беришти. Эске сала кетсек, Креативдүү индустриялар паркы дүйнөдөгү жападан жалгыз мындай парк жана анын ишке кириши Кыргыз Республикасы үчүн чоң жетишкендик.
Талкуу журналисттик коомчулуктун креативдүү экономика темасына олуттуу кызыгууну ырастады жана бул чөйрөнүн артыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө коомчулукка маалымдоодо массалык маалымат каражаттарынын маанилүү ролу баса белгиленди.
Келген коноктор:
- Назгүл Кубакаева, Креативдүү индустриялар ассоциациясынын директору;
- Канышай Мамытова, Креативдүү индустриялар паркынын директору;
- Айымжан Алмазбекова, Компас колледжинин вице-президенти, Креативдүү индустриялар паркынын Байкоочу кеңешинин мүчөсү;
- Ырыс Турсуналиева, IP CHAIN Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн президенти.
Конокторго жана бардык журналисттерге активдүү катышкандыгы жана баалуу талкуу жүргүзгөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бүгүнкү жолугушуу креативдүү экономика темасын, анын креативдүү тармактардын өкүлдөрү үчүн, өзгөчө кичи жана орто бизнесте иштегендер үчүн артыкчылыктарын, ошондой эле өлкөнүн өнүгүүсү үчүн маанисин андан ары жайылтууга жардам берди деп ишенебиз.
Кыргызча
English
Русский