Кыргыз Республикасында камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча консультативдик жолугушуунун жыйынтыгы

Жакында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгында Кыргыз камсыздандыруучулар ассоциациясынын (камсыздандыруу уюмдарынын) мүчөлөрү менен КР Экономика жана коммерция министрлигинин, КР Финансы министрлигинин, жана КР ЭКМге караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы,
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 22.02.2024-жылдагы № 62-р буйругунун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 20.03.2024-жылдагы № 79 Жарлыгынын айрым ченемдери боюнча маселелерди талкуулашкан.

Учурда Кыргызстан Камсыздандыруучулардын Ассоциациясы конструктивдүү диалог аркылуу бул маселе боюнча рыноктун катышуучулары, анын ичинде «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК менен активдүү иш алып барууда. Ошого байланыштуу, Инвестициялык кеңештин катчылыгы бул суроону кароону жыйынтыктоодо.

Катчылык бардык катышуучуларга жигердүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирет. Мындан кийинки кадамдарды макулдашуу үчүн өкмөт менен бизнес-коомчулуктун ортосунда маңыздуу талкуулоо жана натыйжалуу диалогду түзүү аянтчасы болгон консультативдик жолугушуунун ийгиликтүү өтүшүнө бардык тарап чоң салым кошушту.