Инвестициялык кеңештин катчылыгынын кеңсесинде “Natural Agro” компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу болуп өттү. Жыйынга катчылыктын жетекчи Улук Кыдырбаев жана укук маселелери боюнча башкы адис Бакытбек Самаков, “Natural Agro” компаниясынын атынан башкы директор Майк Джонатан Лунд жана каржы адиси Валерия Голинко катышышты.
Жыйындын негизги темасы Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык бетарам соттун контекстиндеги салыктык талаш-тартыштар маселеси болду. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 169-беренесинин 7-бөлүгү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келбей ортодо талаш-тартыштарды, атап айтканда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маселелери боюнча жана салыктык талаш-тартыштардын алкагындагы мамилелердин мүнөзүн чечүүнү кыйындатууда.
«Натурал Агро» Кыргыз Республикасынын Салык консультанттарынын палатасы менен жигердүү өз ара аракеттенип, талдоо жүргүзүү жана мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба өндүрүүчүлөрүн салыктык каттоого алуу маселелери жана учурдагы салыктык текшерүүлөрдүн алкагында кайра иштетүүчүлөр үчүн келип чыккан көйгөйлөр талкууланды.
Кызыкдар тараптардын ортосунда ачык, конструктивдүү жана инклюзивдүү талкууну камсыз кылуу үчүн катчылык салыктык талаш-тартыштарды чечүүнүн альтернативдик механизмдерин өнүктүрүү боюнча Консультативдик топту түзүүнү сунуштады. Бул демилге талаш-тартыштарды чечүүнүн ачык жана адилет механизмдерин түзүү аркылуу бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртууга жардам берет.
Консультативдик топтун курамына бизнес-коомчулуктун, мамлекеттик органдардын жана адистештирилген бирикмелердин өкүлдөрү кирет, ошондуктан ар бир тараптын пикири эске алынат.
Кыргызча
English
Русский