Кеңеш кыргыз эмитенттеринин эл аралык капитал рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөктөшүүдө
2-декабрда Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңеши (Кеңеш) өнөктөштөр менен биргеликте Бишкекте «Еврооблигация чыгаруу: теориядан практикага» аттуу алгачкы практикалык форумду өткөрдү. Иш-чара өлкөнүн компаниялары менен каржы уюмдарынын эл аралык капитал рыногуна чыгуу жол-жоболорун жана Кыргыз Республикасынын тышкы каржылоонун толук кандуу рыногун түзүү багытындагы кадамдарын талкуулоого арналган маанилүү аянтча болду.
Форумга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, каржы институттары, ири улуттук компаниялар, эл аралык консультанттар жана эксперттер катышты. Алар еврооблигация чыгарууга даярдык процесстеринин негизги аспектилерин кеңири карап чыгышты: корпоративдик ички процедуралар, чет өлкөлүк жөнгө салуучулардын талаптары, рейтинг агенттиктери менен иштөө тартиби, маалыматты ачыктоо стандарттары жана тобокелдиктерди башкаруунун заманбап ыкмалары.
Кеңештин Катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев өз сөзүндө: «Кыргыз Республикасы корпоративдик секторду өнүктүрүү жана тышкы капитал тартуу боюнча олуттуу потенциалга ээ. Бул мүмкүнчүлүктү ишке ашыруу үчүн биз реформаларды улантып, жеке сектордун ролун күчөтүп, жаңы каржылоо булактарына чыгыгуу жана инвестор ишенимин арттырган шарттарды түзүү зарыл».
Еврооблигация рыногун өнүктүрүү - каржылоонун булактарын диверсификациялоо, ири инвестициялык долбоорлорду колдоо жана Кыргыз Республикасына болгон эл аралык ишенимди бекемдөө үчүн стратегиялык багыт катары каралууда.
Форумдун жыйынтыгында катышуучулар тараптардын - болочок эмитенттердин да, мамлекеттик институттардын да алдыга койчу биргелешкен милдеттерин жана кадамдарын аныкташты. Иш-чарада айтылган сунуштар Кеңеш тарабынан нормативдик-укуктук базаны өркүндөтүүдө, рыноктук инфратүзүмдү өнүктүрүүдө жана эл аралык каржы уюмдары, инвесторлор менен мындан аркы кызматташууда колдонулат.
Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңеш өнүктүрүү кеңеши мындан ары да эл аралык тажрыйбаны улуттук бизнес менен мамлекеттик органдардын практикалык муктаждыктары менен айкалыштыра алган ишенимдүү институтционалдык аянтча катары кызмат кылат. Капитал тартуунун заманбап инструменттерин өнүктүрүү жана туруктуу диалогду күчөтүү аркылуу Кеңеш өлкөнүн экономикасына инвестициялардын туруктуу агымын камсыздоого жана социалдык-экономикалык өсүштү тездетүүгө салым кошууда.
Форумдун уюштуруучулары: Alef Quad, IB Translations, Fanda, Oppenheimer Europe, Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү кеңеши. Иш-чарага Citi, S&P Global жана Linklaters LLP колдоо көрсөтүштү.
Кыргызча
English
Русский