Ош облусунда Регионалдык инвестициялык кеңештин (РИК) катчылыгы расмий түрдө ишке кирди. Бул түзүм Улуттук инвестициялык стратегияда белгиленген максаттарга шайкеш келет жана аймактык өнүгүүнү күчөтүү, бизнес-чөйрөнү жакшыртуу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) механизмдерин инфратүзүмдү жана кызмат көрсөтүүлөрдү модернизациялоонун куралы катары алдыга жылдырууга багытталган.
Ош облусу жогорку экономикалык потенциалга ээ: ыңгайлуу географиялык жайгашуусу, өнүккөн соода, агроөнөр жай сектору жана активдүү ишкердик чөйрөсү регионду өлкөнүн түштүгүндөгү өнүгүүнүн маанилүү кыймылдаткычына айлантат. Ошол эле учурда, бул аймакта бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр бар — айрыкча мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү бекемдөө, мамлекеттик колдоо чараларын системалаштыруу, каржылык инструменттер тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу жана келечектүү демилгелерди улуттук деңгээлде коштоо аркылуу.
Ушул мүмкүнчүлүктөргө жооп иретинде РИКтин катчылыгы түзүлүүдө — бул убактылуу демилге эмес, аймактагы инвестициялык долбоорлорду коштоо жана бизнести туруктуу негизде колдоо үчүн түзүлгөн туруктуу механизм. Катчылыктын негизги максаты — ишкерлер менен мамлекеттин ортосунда натыйжалуу жана туруктуу диалогду жолго коюу, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүү, МЖӨнү өнүктүрүү жана жер-жерлерде ишкердик чөйрөнү жакшыртуу.
Катчылык Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Азизбекович Ташбаевге тааныштырылды. Команданы Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев сунуштады. Катчылыктын жетекчиси болуп экономика жана жеке секторду өнүктүрүү тармагында тажрыйбасы бар Таалайбек Азимов дайындалды.
Белгилей кетчү нерсе, Илияз Азизбекович Ташбаевдин демилгеси менен 2024-жылдын 12-апрелинде Регионалдык инвестициялык кеңештин ишмердүүлүгүн жандандыруу алкагында, алгачкы РИКтин отуруму Ош шаарында өткөн. Бул жыйынга мамлекеттик органдардын, жеке сектордун жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышкан. Дал ушул күндөн тарта өлкөнүн аймактарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин системдүү негизде киргизүү процесси башталган.
Бүгүнкү команданын тааныштырылышы — буга чейинки иштин логикалык уландысы. Катчылык — жөн гана координациялык түзүм эмес, ишкерлер үчүн ишенимдүү өнөктөш жана компетенциялардын толук кандуу борбору болуп саналат. Бул жерде ишкерлер юридикалык, салыктык жана инвестициялык маселелер боюнча кеңеш алып, МЖӨ долбоорлорунун коштоосуна жана демилгелерин улуттук деңгээлге чыгарууга жардам алышат.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгы, Кыргыз Республикасындагы БУУнун өнүктүрүү программасы (ПРООН) жана Улуттук инвестиция агенттигине караштуу МЖӨ борборунун ортосундагы үч тараптуу кызматташтыктын алкагында ишке ашырылууда. Катчылыктын ишмердүүлүгү Европа реконструкциялоо жана өнүгүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен ишке ашууда жана ал бизнес-чөйрөнү жакшыртууга жана туруктуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк диалогун өнүктүрүүгө багытталган.