Жогорку Кеңеш жаңы Эмгек кодексинин долбоорун, ошондой эле Мыйзамдын долбоорун кабыл алды

Понедельник, 23 Декабрь 2024 05:29

2024-жылдын 18-декабрында Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын жаңы Эмгек кодексинин долбоорун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.

Бул маанилүү документтин үстүнөн иштөө 2022-жылы ишкердик коомчулуктун демилгеси менен башталган. Анын негизги максаты — Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана эмгек мыйзамдарын колдонуу процессин жөнөкөйлөтүү болгон. Башкы милдет — эмгек мыйзамдарын логикалык жана пайдаланууга ыңгайлуу кылып түзүү.

Эмгек кодексин жаңылоо идеясы Эл аралык ишкерлер кеңештин сунушу менен көтөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин жыйынында талкууланган. Жыйындын жыйынтыгы боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине бизнес ассоциациялар, профсоюздар жана эксперттер менен биргеликте документтин долбоорун иштеп чыгуу тапшырылган. Долбоор кызматкерлер менен иш берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын эске алуу менен, эл аралык алдыңкы тажрыйбага таянуу аркылуу түзүлгөн.

Жаңы редакцияны иштеп чыгуу процессине мамлекеттик органдардын, профсоюздардын, ишкердик ассоциациялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кирген ведомстволор аралык жумушчу топ катышкан. Бардык кызыкдар тараптардын сунуштары эске алынып, кызматкерлердин укуктарын коргоого жана бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган тең салмактуу документ даярдалды.

Кабыл алынган өзгөртүүлөр эмгек мыйзамдарын модернизациялоого негиз түзүп, Кыргыз Республикасындагы ишкердик климатты жакшыртуу, эмгек укуктарын коргоо жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жолунда маанилүү кадам болуп саналат.