Мамлекет менен жеке сектордун ортосундагы туруктуу диалог аянтчасынын 17 жылдыгы!

Сиздер менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин 17 жылдыгына арналган видеону бөлүшүү менен сыймыктанабыз. Бул жөн гана маанилүү дата эмес, бул Кеңеш басып өткөн жолду эскерүү, анын жетишкендиктерин белгилөө жана келечекке болгон пландарды аныктоо мүмкүнчүлүгү.

? 2007-жылдан тартып, ЕБРРдин колдоосу менен Инвестициялык кеңеш мамлекетти, бизнес коомчулукту жана эл аралык өнөктөштөрдү бириктирген негизги аянтча болуп калды. Бул жерде маанилүү демилгелер жаралып, чечимдер кабыл алынып, өнөктөштүк байланышы чыңдалган.

? Бул мезгил ичинде 60тан ашык отурум өткөрүлүп, экономикадагы эң актуалдуу маселелер – салык реформаларынан тартып, креативдүү индустрияларды өнүктүрүү шарттарына чейин талкууланган.

? 160тан ашык демилге ишке ашты: нормативдик-укуктук базаны оптимизациялоо, Жогорку технологиялар паркын түзүү, электрондук визаларды киргизүү жана лицензиялоо процедураларын жакшыртуу. Бул кадамдар экономиканын өсүшүнө жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга шарт түздү.

? Doing Business рейтингиндеги көрсөткүчтөр биздин ийгиликтерди айгинелейт. Бул жылдар аралыгында Кыргызстан 98-орундан 46-орунга көтөрүлүп, эл аралык инвестициялык аренада өз позициясын бекемдеди.

Бардык өнөктөштөрүбүзгө жемиштүү кызматташуу, колдоо жана ишеним үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин жардамыңыздар менен Кеңеш өз миссиясын улантып, өлкөнүн бизнеси менен экономикасы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.

ВИДЕО орус тилинде бул шилтеме аркылуу жеткиликтүү